Кайрат Примбердиев Орусиянын "Голос" телеберүүсүнүн 5-сезонуна катышып, тандоо турунан өттү. Ал Леонид Агутиндин командасына кабыл алынды. Ырчы сахнада Жеймс Браундун "It's a Man's Man's Man's World" ырын аткарды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ырчынын менеджери Эльвира Примбердиева билдирди.
"Күчтүү катышуучулар абдан көп, бирок мен болгон талантымды көрсөтүүгө аракет кылам. Мен каалаган, кыялдангандай биринчилерден болуп мага бурулган Леонид Агутин менен Полина Гагарина болду. Гагаринанын чыгармачылыгын абдан сыйлайм, ыраазычылыгымды билдирем, бирок мен устат катары Леонид Агутинди тандадым", - деди ырдап бүткөн соң Кайрат Примбердиев.
Ал эми ырчынын менеджери: "Бул долбоорго август айында барып тартылып келгенбиз. Келишимдин шарты боюнча жыйынтыктарын айта албайт болчубуз. Бул нерсе ары кызыктуу, ары интрига жаратат экен. Ушул айдын соңунда кайрадан тартуу иштери башталат. Азыр Кайрат даярданып Москвада жүрөт. Анда Майкл Жексондун ырын бир ырчы жигит менен дуэт аткарат", - деп билдирди.