Ош облусунун Араван районунда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө сүйлөшкөн кызынын айылдаштары шектелип жатышат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрда Араван районунун Чек-Абад айылында болжол менен 20-25 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Денесин текшерүүдө ур-токмокко алынгандыгынын белгилери байкалган. Каза болгон 18 жаштагы Маруфжон Наврузов Араван районунун Кара-Жантак айылынын тургуну экени аныкталды.
Аталган факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 18 жаштан 24 жашка чейинки 5 адам кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. Кылмышка шектүүлөр каза болгон баланын сүйлөшкөн кызынын айылдаштары экени белгилүү болду.