Жакын арада эле Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурмамбет айылында элдин алкоосуна татыган иш болду. Аталган айылдын тургуну Канимет Сооронбаев аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын эски үйүн оңдоп-түзөп, сырттан караганда таанылгыс кылып, ичи-тышын жаңыртып беришти. Мындай ишти жасаган куруучулар тобу “Айыл жергесиндегилерди жашыл шыктарга окутуу” деп аталган социалдык долбоордун алкагында иш алып барышат. Долбоордун максаты - материалдык жактан жардамга муктаж болгон жакыр адамдарды, өзгөчө айыл жергесиндеги мүмкүнчүлүгү аз адамдарды колдоо.
Үй ээси, анын жубайы жана баласы үчөө тең 2-3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар. Жөлөк пулга алган каражаты кышка көмүр алууга, күнүмдүк тиричиликке жана электр жарыгына төлөөгө кетип, үйүндөгү жашоо шарт такыр каралган эмес. Куруучулар тобу бул үй-бүлө менен таанышкан соң жардам берүү чечимин кабыл алып, экологиялык жактан таза курулуш материалдары менен жылуулады. Социалдык долбоордун демилгечилерин чет элдик компаниялардын бири окутуп-үйрөткөнү менен, алар курулуш материалдарын алып беришпейт. Бирок үй куруу жана оңдоонун жолдорун колдо бар материал менен жасоого үйрөтөт.
Үйдү жылуулаган курулушчулар тобунун адиси Кадырбек уулу Исламбек кандай материалдарды колдонушары тууралуу ой бөлүштү: “Алгач үйдүн сыртын калыңдыгы 15-20 сантиметр келген кургак камыш менен каптап чыктык. Анын сыртынан зым тор тартып, өрт коопсуздугунан жана сууктан сактай турган атайын аралашма менен шыбадык. Бир нече жылдан бери каралбай калып оюлуп кеткен дубалдар менен пайдубалын дагы бекиттик. Мурда үйдүн ичи жакшы жылыбагандыктан сокмо дубалдар ным тартып, үйдөгүлөр 6-7 ай сайын ооруканага жатып дарыланып турушчу экен. Мештин акыбалы дагы начар, андыктан курулушчулар биротоло аны да жаңыртып салып бермек болушту. Бул мештин артыкчылыгы - энергоэффективдүү ыкма менен салынат. Тапты көпкө чейин кармайт, ошого жараша жылуулук дагы узакка сакталат.
Бизде азыр колдон келсе хан сарай салып, акчасы бары деле, жогу деле болгон тапкан-ташыганын ошого жумшап жатпайбы. Өзгөчө айыл жеринде жашагандар шаардан бери кымбат курулуш материалын ташып барып убара болушат. Андан көрө айылда камыш, саман деген кенен, ошолорду намыстанбай эле курулушка колдонуш керек. «Бу байкуш чөп-чарга күнү түшүп, камыштан үй салып калыптыр» деген мамиле жарабайт. Чет өлкөдөгүлөр эч бир намыстанбай эле ушундай үйлөрдү салып алып жакшынакай жашап жатышат. Алар, тескерисинче, “чыгымы арзан, экологиялык жактан ден соолукка пайдалуу, сонун үй салып алдым” деп сыймыктанышат. Биз кур намысты токтотуп, ушундай үйлөрдү салганды үйрөнүшүбүз керек. Азыр үйлөрүн салып берип жаткан аярлуу катмардагы адамдарга каражатты үнөмдөш үчүн эмес, жылуулуктун энергиясын мыкты сактоо үчүн ушундай технология менен салынууда. Курулуш учурунда азыркы заманбап клейлер, жылуулоочу кошумча каражаттар колдонулат. Эми кышкысын булардын үйүнүн ичи термостой жылуу болуп, мелмилдеп турат.
Эң башкысы, алардан бир тыйын акча алынбай, баары акысыз жасалып жатпайбы. Мындай долбоорду мен өзүмдүн устачылык тажрыйбамда биринчи кезиктирип жатам. Жумушчу топту табуу деле кыйын болгон жок. Жетим-жесир, бей-бечаралардын үйүн минтип оңдоп жатсаң айылдаштары деле четте карап турбайт экен. Жапа тырмак келишип, колдоп-коштоп кеткен айыл жаштарына рахмат”.
Куруучулар тобунун мындан сырткары башка дагы жардамга муктаж, социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө жардам берүү максаты бар экенин белгилеп өтүштү.