Рио-де-Жанейродогу Паралимпиадага катышкан спортчулар Кыргыз жерине кайтып келишти (фото)

Бүгүн, 24-сентябрда "Рио-де-Жанейро-2016" Паралимпиадасына аттанган курам Кыргыз жерине кайтып келди. 7-18-сентябрь аралыгында өткөн мелдешке Эсен Калиев, Жыргалбек Оросбаев жана Арстанбек Базаркулов катышкан.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, аларды тосуп алууга агенттиктин өкүлдөрү, Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү, спортчулардын жакындары барышкан.

Кошумчалай кетсек, Паралимпиада - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы мелдеш. Анда пауэрлифтинг боюнча дареметин сынаган Эсен Калиев 5-орунду, Жыргалбек Оросбаев 6-орунду, жеңил атлет Арстанбек Базаркулов 9-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
omu
2016-09-24 14:26:03
жакшы эле орундарга илешип кайтыптыр...
Ийгилик....
+5
bekhaliev
2016-09-24 16:06:33
силерда барсынар эле
0
Zanzibara
2016-09-24 18:39:25
Буту колу таза ден соолуктары мыкты атлеттерибиз илээше албай келишкенине караганда. Бул жигиттердин жыйынтыктары шумдук эле болуптур жарайсынар жигиттер!!!!
+1
omuke8993
2016-09-24 20:00:41
неге Изат Артыков жонундо жазбайсынар супер инфо Изаттын жениши кучундо калыптыр ошол чынбы билип бергилечи админ ЭЛТР жанылыктардан кордум
0
zhanka1234
2016-09-24 20:02:30
omuke8993,ошо да
Эки болмолуу квартира да беришкен бир жума мурун
0
surgeon777
2016-09-25 00:18:06
zhanka1234,утпаса да женишке бир кадам жетпесе да аракети учун деп берди бийлик деп айтып жатышкан жанылыктардан.
+2
aziziko
2016-09-25 20:15:06
zhanka1234, ал квартираны мамлекет берген жок Аю холдинг берди . Мамлекет соз берген 1 уй 1 машина 3.5 миллион сомдон дайын жок .
0
erlist
2016-09-25 03:08:56
Бешинчи орун жакшы айсулуу арсен деле бешинчини албадыбы мододес жарайсынар жигиттер мамлекет нааразы кылбайт болуш керек силерди
0
tumann.
2016-09-25 09:38:10
Озбекстан мындан ондогон жыл мурун спортко катуу конул буруп канчалаган спорт комплекстерди курган эле. Мына эми ал аракеттери момосун берип спортчулары олимпиадаларда катар катар рекорддорду коюп атат. Паралимпиадада спортчулары бутундой медалдарды жыйнап дагы рекорд койду.Муну менен эмне айткым келет. Келечекте жакшы жыйынтыктарды коргун келсе ага аракетти бугун баштоо керек экен.Каримов да ошону алдындан коруп туя билген гений болгон экен.А бизчи эртенкибиз тобокел толко бугунду ойлоп калдык.
+2
aziziko
2016-09-25 20:18:42
tumann., Биз балдарды спорт мектепте кружокторго бергенден коро тойго барып жыргап акча коротсок анан каяактагы келечек ?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан