Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 6 адам кармалды. "Булар жыл башынан бери Москва шаарында өз мекендештерин карактап, тоноп, опузалап жүрүшкөн. Жабырлануучуларды токойго алып чыгып денелерине оор залал келтиришип, кээ бир жабырлануучулар коркконунан мекенине учуп кетишкен. Сүрөттөгү кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тааныгандар болсо, ким жабыр тарткан болсо, Москвадагы элчиликке келип же телефон аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Андан сырткары булар кармалган учурда башка бирөөлөрдүн паспорттору менен жүрүшкөн. Бул паспорттордун ээлери жабырлануучулар болушу мүмкүн, анткени кармалгандардын бири бизге арыз жазган жабырлануучунун паспорту менен жүргөн. Сүрөттөгү паспорт ээлерин тааныгандар болсо, бизге кабарлап койсоңуздар. Дареги: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү-62 же +7 (926) 189-10-17 телефон номерине чалыңыздар", - деп айтылат маалыматта.