Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай жарды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-сентябрда саат 19:55те Ош-Баткен унаа жолунун Халмион айылынын талаасында Спринтер үлгүсүндɵгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу унааны башкара албай жарды сүзгөн. Окуя болгон жерге ӨКМнын 3-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барып, жүргүнчүлөргө биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Унааны Кадамжай шаарына чейин сүйрөтүп келишкен. Катуу жабыркагандар болгон эмес.