Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Алай" Бишкекте "Алганы" утуп, упай катыштыгында "Дордойду" кууп жетти (фоторепортаж)

Оштун "Алай" футболдук клубу 24-сентябрда Бишкекте "Алганы" 1:0 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен "алайлыктар" чемпиондук үчүн башкы атаандашы "Дордойго" жетти.

"Алга"-"Алай" беттеши үй ээлеринин атаандаштын талаасындагы кысымы астында башталды. Алгачкы 45 мүнөттүктө эки командада тең эсепти ачканга мүмкүнчүлүк болгон, бирок топту дарбаза торуна чейин эч ким жеткире алган жок. 2-таймда учурдагы өлкө чемпиону "Алай" демилгени колго алып, 84-мүнөттө жеңиш голу жаралды. Голдун автору - Течи Саламон.

Голдун аркасынан "Алганын" капитаны Павел Сидоренко калыстын чечимине ишеним көрсөтпөгөнү үчүн майдандан четтетилди. Гол киргенге чейин эч нерсе ойлоп таба албаган "Алганын" чабуулчулары Ильдар Амиров менен Иван Филатовго андан кийин топ жеткен жок.

Жыйынтыгында "Алай" 14 оюнда топтогон упайларынын санын 35ке жеткирип, мелдеш жадыбалында кайрадан лидерлик сапка көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tilek-x
2016-09-26 11:02:46
Алай чемпион!!!!
+2
elmurat.kg
2016-09-26 11:29:25
оле оле оле оле алай чемпион ураа
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан