"Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-сентябрь күнү 1975-жылы туулган А.Э. аттуу аял Москва-Бишкек багыты боюнча кыргыз жерине келген. "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында анын паспортун текшерүү учурунда жасалма экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган аял милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.