Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-сентябрь күнү саат 07:47 чамасында Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын аймагында болгон. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 596-чакырымында Форд Фокус жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаанын ичиндеги 3 адам каза болуп, жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилишкен.