Ала-Арча суусуна чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-сентябрда саат 15:28де Калыс-Ордо жаңы конушундагы Ала-Арча суусуна 1977-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, чөккөн адамдын жансыз денесин суудан чыгарышкан. Тиешелүү документтер толтурулуп, жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.