Өткөн суткада өлкөдө 23 өрт кырсыгы катталып, Жаңы-Жер айылындагы мектептин аймагында 1 тонна көмүр күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте 6, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 3, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында өрт кырсыгы катталды. Анда айылдагы мектептин аймагында контейнердеги 1 тонна көмүр күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан