“Манас” аэропортунда Сокулук районунун тургуну 1,4 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
“Кармалган жаран Сокулук районунун 1973-жылы туулган К.С. аттуу тургуну. Ал буга чейин төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын сумкасын текшерүү учурунда 1 килограмм 420 грамм марихуана табылган. Ал жүктөрү менен аэропортун аймагынан чыгып кетүүгө камынып жаткан жеринен кармалды”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.