Чүй облусунда “аялынын 3 миң долларын уурдап алган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Шопоков шаарчасынын 37 жаштагы Х.Т. аттуу жашоочусу кайрылып, күйөөсү 3 миң долларын уурдап алганын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 54 жаштагы Х.Ю. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.