Бишкекте "мас абалында 7 жаштагы кызды уурдоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 09:19 чамасында “102” кызматынан Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Дордой жаңы конушунан секелек кыз уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлерге арыз менен 1981-жылы туулган С.Жаркын кайрылган. Анда ал саат 09.00 чамасында көчөдө ойноп жаткан 2009-жылы туулган Аксамат аттуу кызынын каршылыгына карабастан, белгисиз адам күч колдонуп коркутуп, уурдоого аракеттенгенин билдирген. Арадан көп өтпөй кызды арыз ээсинин К.Келдибек аттуу коңшусу жетелеп келип, аны белгисиз адамдын колунан бошотуп алганын билдирген.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Талас облусунун Бакай-Ата районунда 1976-жылы туулган Ш.И. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.