Темир жолдо спирт ичимдигин ичип отурган аялды поезд сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкек шаарынын Лев Толстой-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдун аймагында болгон.
"Белгисиз киши менен аял темир жолдо спирт ичимдиктерин ичип отурган. Машинист аларга эскертүү катары бир нече ирет алдын ала сигнал берген, бирок аял да, киши да эч кандай реакция кылган эмес. Натыйжада поезд аялды сүзүп, катуу соккудан улам ал 10 метр алыстыкка чейин ыргып кеткен. Каза тапкан аял 35-40 жаштар чамасында. Ал эми анын жанындагы киши окуя болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда качып кеткен жаран изделип, анын жана маркум аялдын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.