"Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, тасмада эки элди кагыштырууга чакырык, мыкаачылык көрсөтүлгөн, тагыраагы, кандуу эпизоддор жана эротика болбош керек. "Үркүн" тасмасында андай мыйзам бузуулар жок болгондуктан, көрсөтүүгө уруксат берилди", - деп билдирди SUPER.KG`ге аталган тасманын режиссёру Мухтар Атаналиев.
"Эртең, 27-сентябрда тасманын жабык көрсөтүүсү өтүп, өкмөттөн кишилер келип көрүшмөй болду. Биз массалык маалымат каражаттарына чыгып, тасманы көрсөтүүгө уруксат бербей жатышат деп айткандан кийин ойлонушса керек. "Бул деген тарых, коомчулукту дүрбөлөңгө салбай, көрсөтүүгө уруксат берели" деп чечишти. Анан да тасманы атайын комиссия көрүп чыгып, "тасманы көрсөтүү керек, келечек муун өткөн тарыхты билиши зарыл" деген чечим чыгарып берди", - дейт
М.Атаналиев.
"Экинчи дүйнөлүк согушта деле жалпы СССР өлкөсүнөн 60 миллиондон ашуун адам каза болгон. Согуш тууралуу миңдеген фильмдер тартылды. Муну менен орус-немис же башка элдердин мамилелерине доо кеткен жок да. Ал эми биз кыргыз-орус мамилесине доо кетет деп отура берсек, анда эгемен эмес өлкө болуп калабыз. "Ушул тасманы жөн эле койбойт белең" деп айткандар кошоматчы, маңкурт адамдардын белгиси", - деген оюн билдирди режиссёр.
Белгилей кетсек, буга чейин Мухтар Атаналиев: "Үркүн" тасмасын жаратууга мекениңдеги көйгөй сенин да көйгөйүң болуш керек деген ой түрткү болду. 100 жыл илгери ата-бабаларыбыз бейажал кырылып, ач-жылаңач белде, жолдо азап тарткан. Ошол тарыхый чындыкты тасма аркылуу чагылдырайын дедим, бирок тасма тартылып бүткөндөн кийин көрсөтүүгө тиешелүү тараптардан уруксат берилбей жатат. "Бул жерин алыш керек, жумшартыш зарыл. Орустар менен мамилебизди эми жакшыртып келатканда ушуну тартып эмне кереги бар эле?" деп кайра кишини күнөөлүү кылышат", - деп маектеринде билдирген эле.