Кыргыз футболчулары Бишкекте Ливан жана Түркмөнстан курамаларына каршы беттеш өткөрүшөт

Кыргыз футболчулары 6-октябрда Ливан менен, 11-октябрда Түркмөнстан курамасы менен Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун ала турган эки беттешке тең саат 20:30да старт берилет. Ал эми билеттер 30-сентябрдан тарта сатыла баштамакчы.

Кошумчалай кетсек, буга чейин футбол боюнча улуттук курам 30-сентябрда бул беттештерге даярдыгын баштай турганы маалымдалган. Улуттук курамга машыктыруучу Александр Крестинин төмөнкү футболчуларды чакырган:

Дарбазачылар: Павел Матяш (“Алга” футболдук клубу), Валерий Кашуба ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев (“Дордой”), Валерий Кичин (“Енисей”, Орусия), Виктор Майер (“Эммен”, Голландия), Ильяз Алимов, Акрам Умаров (“Алай”), Владимир Казакбаев, Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков (“Абдыш-Ата”).

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков (“Крумкачы”, Беларусь), Фархат Мусабеков (“ТСК-Таврия”, Крым), Эдгар Бернхардт (“Роденхаузен”, Германия), Антон Землянухин (“Сисакет”, Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Павел Сидоренко (“Алга”), Одил Абдурахмонов (“Алай”).

Чабуулчулар: Виталий Люкс (“Унтерхахинг”, Германия), Мирлан Мурзаев (“Ушакспор”, Түркия), Виктор Кельм ("Бежания", Сербия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tansuluu09
2016-09-26 14:48:38
Ийгилик биздин футболчуларга))))
+3
Арык киши
2016-09-26 18:15:05
Байматов жокпу?
0
Kurstan_CR7
2016-09-26 19:13:06
Ливан менен боло турган оюн Ливандын борборунда болот деп атпады беле
0
elmurat.kg
2016-09-27 00:27:30
оа ливанда деп жаттыле а туркменистан менен да уйундо дедиле
0
Kurstan_CR7
2016-09-27 06:43:04
elmurat.kg,
Мен Ливан менен болчу оюнду гана Ливанда деп уккам а Туркменистан менен болчу оюн Кыргызстанда деп уккам!
0
Kurstan_CR7
2016-09-27 14:18:26
Рейтинг!
Кыргызстан 108
Туркменистан 116
Ливан 143 турат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан