Орусияда "мектеп окуучусун зордуктады" деп шектелип издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алтайдын Веселоярск айыл аймагынан Казакстандан Орусияга чек арадан эч кандай документи жок мыйзамсыз өткөн жаран кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жаран 25 жаштагы кыргыз жараны экени жана ал Ленинград облусунда 2011-жылы 14 жашка чыга элек кызды зордуктоого шектелип издөөдө жүргөнү аныкталган.
"Кармалган жаран тууралуу тиешелүү мекемелерге маалымат берилип, ага карата чек араны мыйзамсыз өткөндүгү үчүн да кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.