Нандын жыты, улуулугу жана ыйыктыгы Гүлнур Сатылганованын "Нандын жыты" ырынын клибинде көрсөтүлөт. Ырдын сөзүн Муса Жангазиев жазган. Режиссёр Эрнест Абдыжапаров клип тууралуу буларга токтолду:
"Мен 2011-жылы концерт бере турган болуп калдым. Ошондо Гүлнур "сиздин концертиңизге ырларыңыздан ырдап чыгайын" деп, музыкасы мага таандык "Нандын жыты" ырын тандап алды. Алгачкы жолу ошол жылдагы концертте ырдап чыкты. Чыгарма популярдуу болгондон кийин клип тартууну сунуштады. Алгач дандын эгилип баштаганын, орулуп-жыйналып жатканын, кыскасы, нандын бышып дасторконго коюлганга чейинки процессин тартууну ойлогонбуз. Бирок кээ бир маселелер чечилбей, клип тартуу кечигип кетти. Андыктан ырда айтылгандай нан болгондуктан элдин нугу тынбаганын, руханий байлыктар: "Манасыбыз", комузубуз, боз үй сакталып келе жатканын көрсөтүүнү чечтик. Нан болбосо кыйын кезеңдерде кыргыз эли тукум курут болуп кетиши мүмкүн эле. Ар бир нанды сыйлаган кыргыз аттап да, тебелеп да кете албайт, ыргытып жибербейт. Жөнөкөй курсак тойгузуп коюу эле эмес, 9 токоч жасап, жыт чыгарып ата-тегибизди сыйлоо да нан менен байланыштуу болот".
Гүлнур Сатылганованын "Нандын жыты" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.