Бишкекте тургундарды “кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” деп коркутушуп, акча талап кылып жүрүшкөн 3 адам кармалды

Бишкекте тургундарды “кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” деп коркутушуп, акча талап кылып жүрүшкөн 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери А.А. жана Т. уулу А., С.А. аттуу жарандар шаар тургундарынын чөнтөгүнө баңгизат салуу менен “кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” деп коркутушуп, акча талап кылып жүрүшкөн. Аталган топ 24-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы милиция кызматкери А.А. жумушка орношконуна 10 эле күн болгон”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bakan
2016-09-26 20:18:14
Ой тообо адамдан амал качып кутулбайт
+2
tin4a
2016-09-26 22:19:24
Милициянын кыла турган иши да,подстава менен жан багып калышкан.
+5
Manas230595
2016-09-27 01:06:08
Ушу милиция кызматына сотко кызматына токторлука жана башка окмот иштерине адам алып жатканда абайлап алсанар ептеп бутургонун же дипломду сатып алганыны деле ала бербей ушинтип окмотко ишенген карапайым элдердин укугу тепселенип акыйкатык жок болуп калды жеп тойбогон ###### да тойбойт дейт акчан болбосо жазган арызыны окупда койбойт а балницага барсан олойн деп турсанда акчан жокпу карап койбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан