24-сентябрда гиря көтөрүү боюнча өлкөнүн кезектеги биринчилиги өткөрүлдү. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн мелдешке бардык аймактардан чогулган 100дөй спортчу катышты. Ошондой эле Өзбекстан жана Казакстандан да спортчулар келишкен.
Анда уландар арасында 6 салмакта (68 кг, 73 кг, 78 кг, 85 кг, 95 кг, +95 кг), кыз-келиндер арасында 4 салмакта (58 кг, 63 кг, 68 кг, 68 кг) жеңүүчүлөр аныкталды.
Натыйжада уландар арасында Үсөналы уулу Нуралы (63 кг), Евгений Курочкин (68 кг), Токтосун Мусаев (73 кг), Александр Сапожников (78 кг), Александр Петров (85 кг), Леонид Черевко (95 кг), Тариель Бакиров (+95) сыяктуу спортчулар чемпион аталышты.
Ал эми кыз-келиндер арасында Мукадас Исмаилова (58 кг), Юлия Исарова (63 кг), Алина Турдукунова (68 кг), Умида Ибраимова (68 кг) өлкө чемпиону наамына ээ болушту.