Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда айдоочу жөө адамды сүзүп, ал каза болду

Бүгүн, 27-сентябрда таңкы саат 08:20 чамасында Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда жол кырсыгы катталып, 27 жаштагы жөө жүрүүчү каза болду. Учурда Сокулук районунун патрулдук милиция кызматкерлери жол кырсыгы орун алган аймакта абалды көзөмөлдөп турушат.

Кырсык болуп кетерин күтпөгөн айдоочу буларды айтты: "Жумушка шашып бараткам. Саатына 80 чакырым ылдамдыкта келе жаткам. Эч кандай жөө адамдар өтүүчү белги жок болчу, анткени бул аймак калктуу аймакка кирбейт. Жол четине токтогон маршруттук таксиден бир адам түшүп жолго чыга калды. Жакын аралыкта болгондуктан, унаамды токтотууга жетишпей калдым. Күнөө жөө жүрүүчүдө болуп жатат. Эми тергөөнүн адилеттүү жүрүшүн каалайм".

Кырсык болгон жерде айдоочу белгилегендей жөө адамдар өтүүчү белги коюлган эмес. Жабырлануучуну сүзүп алган унаада айдоочудан башка адам болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
plaza85
2016-09-27 09:59:18
Маршрутканын айдоочусу аялдамага токтош керек эле каалаган жерге токтой бербей жоо жургунчу да маршрутканы кетирип эки жагын карап анан отуш керек эле озуно сак болуп. Жаткан жери жайлуу болсун.
+14
Riokyrgyz
2016-09-27 09:59:37
Жаны жаннаттан болсун.айдоочунун айтканына кошулам.жана тергоо адилеттуу журушун каалайм.
+8
aiba_00
2016-09-27 10:02:29
Эхх кырсык каш кабактын ортосунда, ким эле киши сузуп алайын десин козго корунбой учуп чыга калышат да кээде, озун да билбей каласын кайдан чыга калганын. Рульга отурганда эн корконум киши олтуруп албасам экен дейм.
+8
Bazana
2016-09-27 11:33:39
aiba_00,айтканына кошулам мендеда ошол ой жашайт.
+2
bekiw.801
2016-09-27 10:31:12
Ажал жетсе ушул да. Бирөөнү күнөөлүү деп айтуу кыйын
+5
mambo-1984
2016-09-27 10:34:42
Байкуш шопурга эле кыйын болду
+5
meerimma84
2016-09-27 11:05:41
Жолдун ортосунда темирден тосмолор бар экенго кайда бара жаткан бул адам.
+1
muratkg
2016-09-27 11:10:34
Ажалы келген. Себепкер болуп калды да. Жайы жаннаттан болсун.
+1
tuigan.
2016-09-27 11:39:42
Ажалы жеткен да.
+1
Nurbek2202
2016-09-27 18:36:55
80%айдоочу туура эл журбойт дер эле акшындай бериштин кереги жокда
-1
oscar89
2016-09-27 20:32:04
урматтуу админ мен комментарий кошсом эмнеге чыкпайт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан