Чемпиондор Лигасында бүгүн "Реалдын" футболчулары "Боруссияга" каршы турушат, "Тоттенхэм" Москвада оюн өткөрөт (анонс)

Бүгүн, 27-сентябрда Европадагы ири футболдук клубдар арасында өткөрүлүүчү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 2-тур оюндары орун алат. Анда жалпысынан 4 тайпада 8 оюн болмокчу. Бул турдагы оюндар, албетте, командалардын кийинки турга чыгуусун түздөн-түз шарттабайт. Ошентсе да 3 упай үчүн бардык командалар кызуу аракет көрүшмөкчү.

Күндүн башкы беттеши - Германиянын вице-чемпиону дортмунддук “Боруссия” менен Испаниянын вице-чемпиону мадриддик “Реалдын” беттеши. Акыркы жылдары бул командалардын ортосундагы оюндар жогорку деңгээлде өтүп келгени белгилүү.

Бардык беттештерге 00:45те старт берилет.

"E" тайпасы

ЦСКА (Орусия) – “Тоттенхэм” (Англия)

“Монако” (Франция) – “Байер” (Германия)

"F" тайпасы

“Боруссия” (Д, Германия) – “Реал” (Испания)

“Спортинг” (Португалия) – “Легия” (Польша)

"G" тайпасы

“Лестер” (Англия) – “Порту” (Португалия)

“Копенгаген” (Дания) – “Брюгге” (Бельгия)

"H" тайпасы

“Севилья” (Испания) – “Лион” (Франция)

“Динамо” (Загреб, Хорватия) – “Ювентус” (Италия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
arman00
2016-09-27 10:17:06
реалга ийгилик
+2
Lewa90
2016-09-27 10:32:41
Кызыктуу оюн реал менен боруссия Д болот
+1
Eko
2016-09-27 10:34:02
реал алга голдор сериясын кутобуз буйруса
0
Lewa90
2016-09-27 10:35:21
Роналдо гол урат болду бекен заменага чыгарып ийгенине жинденди эле мына оюнда кеми эки гол уруш керек
+2
Bahira
2016-09-27 10:52:39
Saatyn kaisy maalda berilerin aityp koigulachy suranych
-2
Beksultan-007
2016-09-27 11:07:45
Сааты жазылып туратко 00:45
+2
Bokser-Marokko
2016-09-27 11:21:36
Борусия разгром кылат
-3
Ali-han
2016-09-27 12:04:44
ЦСКА чемпион
-3
maks13
2016-09-27 13:37:01
Реал 2-0. Го женгиле
-1
Nur1k
2016-09-27 14:53:03
Эхх жумушга байланыштуу коро албайт калат экем. Реал женгиле эми. BBC алга. Хала Мадрид!
0
elmurat.kg
2016-09-27 21:41:35
боррусия айры жырт реалды
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан