Каракол шаарында жоголгон 3 жаштагы кыз табылды

Каракол шаарында жоголгон 3 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 26-сентябрь күнү саат 19:20 чамасында болгон. Анда Каракол шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү №143-үйдө жашаган 3 жаштагы кыз дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине куткаруучулар да тартылган. Ошол эле күнү саат 20:40 чамасында жоголгон кыз таксист тарабынан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан