Кыргыз футболчуларынын Ливанга каршы беттешин казакстандык калыс Александр Алиев тейлейт. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, ага Сергей Васютин жана Самат Тергеусизов көмөктөшмөкчү.
Ливанга каршы беттеш 6-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Беттешке 20:30да старт берилет.