Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Кинематография департаментинде "Үркүн" тасмасы жабык эшик артында тар чөйрөдө көрсөтүлө башталды. Ага тасманын жаратуучулары, белгилүү режиссёр Нуртай Борбиев жана башка чыгармачыл инсандар, медиа өкүлдөрү катышууда. Аталган тасманын режиссёру Мухтар Атаналиев бүгүнкү көрсөтүүгө аз сандагы адамдар чакырылганын, тасманы көргөн соң ар бир көрүүчү өз пикирин билдире аларын, фильмдин презентациясы калың элге кийинчерээк көрсөтүлөрүн билдирди.
Тасмада кыргыз элинин бейпил жашоосу, ошондой тынч күндөрдүн биринде кыргыз-орус элдеринин ортосунда чыр чыгып, кыргыз айылынын кыргынга учураганы, өрттөлгөнү көрсөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Мухтар Атаналиев: "Үркүн" тартылып бүткөндөн кийин көрсөтүүгө тиешелүү тараптардан уруксат берилбей жатат. "Бул жерин алыш керек, жумшартыш зарыл. Орустар менен мамилебизди эми жакшыртып келатканда ушуну тартып эмне кереги бар эле?" деп кайра кишини күнөөлүү кылышат", - деп маектеринде билдирген эле.