Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Кинематография департаментинде "Үркүн" тасмасы жабык эшик артында тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Аталган тасманын режиссёру Мухтар Атаналиев бүгүнкү көрсөтүүгө аз сандагы адамдар чакырылганын, тасманы көргөн соң ар бир көрүүчү өз пикирин билдире аларын, фильмдин презентациясы калың элге кийинчерээк көрсөтүлөрүн билдирди.
Тасмада 1916-жылдагы Үркүн окуясы баяндалат. Ак карлуу тоону ашып баратканда тоӊуп өлгөн, карышкырга таланып жем болгондор, таяктар менен куралданган кыргыздардын атылып өлтүрүлгөнү, бир табак унга кыздары сатылган кайгылуу окуялар көрсөтүлөт. Тасма аяктаган соӊ КРнын Эл артисти, белгилүү оператор, режиссёр Нуртай Борбиев, жазуучу Мар Байжиев, тасманын режиссёру Медин Учкеев жана башкалар өз пикирлери менен бөлүштү.
"Үркүн темасы абдан ыйык да, аялуу да тема. Ар ким эле батынып тасма тарта бербейт. Биздин канча деген мыкты, залкар режиссёрлорубуз тартууну ойлонуп жүрүшкөн. Абдан көп эмгек жумшалганы байкалып турат, бирок кемчиликтери да бар экен, айта берсе сөз көп. Үркүн - чоӊ түшүнүк бере турган, кыргыз элинин түпкүрүндө сакталып жаткан көркөм тема. Азыркы жаштарга Үркүн оӊой эле болуп калган деген түшүнүктү жеткирбешибиз керек. Ооба, тасмадагыдай эле болгон, бирок мындан да катаал болгон. Ыйык тема деп кайталай кетейин, ошон үчүн тасманын атын өзгөртүп, элге көрсөтүүнү сунуш кылам", - деди Нуртай Борбиев.