Тоң районунда Ак-Терек суусунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү алып кетти

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айыл аймагында cуунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 14:30 чамасында катуу жааган мөндүр аралаш жаандын кесепетинен Кызыл-Туу айылындагы Ак-Терек суусунун деңгээли көтөрүлүп, ӨКМнын Ысык-Көл облусунун Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору тарабынан август айында убактылуу каттамга салынган киши өтүүчү көпүрөнү алып кеткен.

"Учурда жеринен чара көрү үчүн ӨКМнын ыкчам тобу, Тоң районунун Жарандык коргонуу кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirbek1993
2016-09-28 09:45:31
жаман болуптур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан