Йеменде үйлөнүү той учурунда турмушка чыга турган кыздын атасы граната жардырып, 12 аял жана 4 жаш бала каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-сентябрда Ярим шаарындагы Ибб аймагындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда психикалык жактан жабыркаган кыздын атасы тойго аялдар чогулуп баштаганда граната жардырып жиберген. Натыйжада 12 аял жана 4 жаш бала каза таап, 20га жакын аял ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкандардын арасында кыздын апасы жана чоң апасы да бар. Бактыга жараша, турмушка чыгып жаткан кыз аман калган, себеби чогулган аялдардын алдына чыга элек болчу.