Борбордогу батирлердин биринен үй ээсинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Кечээ, 27-сентябрь күнү саат 17:23 чамасында куткаруучуларга Туңгуч кичи районунда жайгашкан №63-үйдөгү батирлердин биринин эшиги ачылбай жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Куткаруучулар эшикти ачып, батирдин ичинен үй ээсинин жансыз денесин таап, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.