Токтогул районунда катталган жол кырсыгынан 3 адам оор жаракат алды

Токтогул районунда катталган жол кырсыгынан 3 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 05:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 337-чакырымында орун алган. Анда Мерседес Гигант үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, унаасы оодарылып кеткен. Натыйжада 3 адам оор, 2 адам жеңил жаракат алышкан.

"ӨКМнын 94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vip.aidan96
2016-09-28 12:35:17
Эээххх Кудай ай эмне эле акыркы кундору авария коп болуп атат????? Жакшынааа абайлаап айдагылачы (
0
razana_kg
2016-09-28 12:59:38
Озу гиганттар озу ылдам журушот кудай сактаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан