Нарын шаарында айдоочу жол боюндагы бетон түркүктү сүзүп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-сентябрда саат 10:00 чамасында Төш-Булак айылынан УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бетон түркүктү сүзүп алган. Натыйжада 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. ӨКМнын 16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, аларды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.