Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 25 жаштагы шаар тургуну кармалды

Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 25 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Сокулук районунун 26 жаштагы Т.Ж. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал июль айында Наргиза аттуу кыз Тоголок Молдо-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен алдоо жолу менен ишеничине кирип, "унаа сатып алам" деген шылтоо менен 160 миң сом акчасын алып, кайтарып бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан