Колумбияда өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугу жарым финалдык баскычка жетти. Мекендешибиз Нурдин Букуев финалдык жолдомону талашкан Иран жана Орусия курамаларынын беттешинде калыс катары кызмат кылды.
Беттеш 4:3 эсебинде орусиялыктардын жеңиши менен аяктады. Финалга чыккан Орусия курамасынын кезектеги атаандашы Аргентина же Португалия болмокчу. Бул командалар жарым финалда кез келишет.
Н.Букуев бул мелдеште 7 ирет башкы калыс катары кызмат кылды.