Чүй облусунда унаа уурдоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-май күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен 35 жаштагы Х.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал Шопоков шаарынан Александр аттуу чала таанышы Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 27-сентябрда кылмышка шектүү катары Фрунзе айылынын 31 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.