Бүгүн, 28-сентябрда футбол боюнча европалык клубдар арасында өтүүчү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 2-тур оюндары ойнолот. "А", "В", "С" жана "D" тайпаларында командалар кезектеги упайларды талашуу үчүн бет келишмекчи.
Күндүн башкы беттеши катары былтыркы жарым финалдагы атаандаштар "Атлетико" менен "Бавариянын" беттеши бааланат. Былтыр финалдык жолдомону испаниялыктар илип кеткени белгилүү. Бул сезондо кайсы команданын мыкты даярдыкта экенин дал ушул оюн көрсөтмөкчү.
“А” тайпасы
“Арсенал” (Англия)- “Базель” (Швейцария)
“Лудогорец” (Болгария) - ПСЖ (Франция)
“В” тайпасы
“Наполи” (Италия) – “Бенфика” (Португалия)
“Бешикташ” (Түркия) – “Динамо” (Киев, Украина)
“С” тайпасы
“Боруссия” (М, Германия) – “Барселона” (Испания)
“Селтик” (Шотландия) – “Манчестер Сити” (Англия)
“D” тайпасы
“Ростов” (Орусия) – ПСВ (Голландия)
“Атлетико” (Испания) – “Бавария” (Германия)