Токмок шаарында "219 миң сомдук баалуу буюмдарды уурдаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды

Токмок шаарында "219 миң сомдук баалуу буюмдарды уурдаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 51 жаштагы Д.Б. кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар үйүнө кирип, нетбук жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 219 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Д. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан