“Кош бойлуу аялды өлтүргөн” деп шектелип, издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвадан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Алардын маалыматына караганда, “Выхино” метросунда 33 жаштагы Х.Алишер аттуу кыргыз жараны кармалып, документи текшерүүгө алынган.
Ошондой эле маалыматта: “Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдын бир канча жыл мурун Кыргыз Республикасында кош бойлуу аялды өлтүрүп, качып кеткени аныкталган. Мындан улам ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Жакынкы күндөрү ал Кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет”, - деп айтылат.