"Дордой" футболдук клубунда акыркы сезондо лидер катары өзүн көрсөткөн Анатолий Власичев карьерасын Оман мамлекетинин "Оман" клубунда улантат. Бул тууралуу "Дордой" клубунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы жарым коргоочу сезондун аягына чейин келишим түздү. Клуб биринчи жана акыркы жолу өлкө биринчилигин 1997-жылы уткан. Учурда команда карамагындагы 4 упайы менен 7-орунду ээлеп келет.