Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу жол боюндагы даракты сүзүп жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу жол боюндагы даракты сүзүп жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-сентябрь күнү саат 10:13тө Токтогул районунда Ош-Бишкек унаа жолунун 276-чакырымында орун алган. Анда Субару Легаси үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу жолдон чыгып кетип даракты сүзгөн. "Окуя болгон жерге барган ӨКМнын 97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен. Айдоочу жеңил жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан