Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда Жаңы-Арык айылындагы Гагарин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жыгач устундуу, шифер жабылган 72 чарчы метр чатыры жана 50 түк чөп күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.