"Күйөөсүн жиликтеген" деп шектелген келиндин соту: Прокурор келбей калганына байланыштуу соттук кароо 7-октябрга жылдырылды

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин кароону улантмак. Бирок прокурор келбей калганына байланыштуу соттук отурум 7-октябрга жылдырылды.

Буга чейинки соттук отурумда кылмышка шектүү Айдай Субанова сурак берип, тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Ал күйөөсүн өлтүрбөгөнүн айтып, аны белгисиз адамдар өлтүргөнүн билдирген эле.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Gulirka
2016-09-29 11:59:21
Эмне эле жылдырып жатышат?! зб!!!
+9
nemo2016
2016-09-29 12:04:25
Акыйкаттык жок.болбосо эчаак эле куноокорду табып камап салмак.
+9
rejepova
2016-09-29 12:09:44
2017-ж жылдыргылада убара болбой
+7
rukopashnik
2016-09-29 12:12:41
кийинкисинде сот өзү келбей калсын, кайнэнесинин 60 жылдыгы болуп хе хе...
адамдын өмүрү булар үчүн оюнда
өздөрүнүн кызыкчылыгы деп жүрө бергиле,кыргызсан ошол үчүн өнүкпөйбүз...
+6
azamat.k
2016-09-29 12:33:27
Ушул келинди бошотуп эле коюшса,же соту болбойт же оту болбойт жылдырылып.Же акчасын келише албай жатышкан го дейим.
+6
KaiMak
2016-09-29 12:38:47
мен мурункусундале айткам сразле октябрдын паланчасина жылдыргыла деп ) ишенбесенер окугула ошону))
+7
KaiMak
2016-09-29 12:39:14
Же прокурор эртен келсе болбойт бекен
+6
dasta
2016-09-29 13:55:46
Ерте жаздан бери жылып жылып келтат булардын соту
+2
fanatka19
2016-09-29 14:20:14
Эмкиде сот келбей калса,кийинкеде айыпталуучу келбей калат.
+3
Rifle_S
2016-09-29 15:25:08
Эмне деген жоопкерчиликсиз ? Прокурор эмнеге келбей калат белгиленген убакытка ?


Бизде белгиленген убакытта операция жасалбаса, адам өлөт го ? Булар келбесе канча кишинин убактысын алып, канча кишини нервин кетирип жатат. Прокурордун өзүнө олчойтуп айып пул салыш керек.
+4
Galia
2016-09-29 19:46:58
Бир болсо булар атайын жылдырып жатат кун откоруш учун,сизодо бир кун эки кунго жылдырылат го... уже бир жарым жылдай отуруп койду. Неге ошондо эле аялы мойнуна алып показание бергенде эле камап салган эмес ишти жаап? Атайын ойнотуп жатышат баланын ата энеси бир туугандарына жалко...
+2
alina79
2016-09-29 22:32:06
Бул эмне деген шалаакылык,жоопкерсиздик! Бул деген жеткен акмакчылык!Сот деген эмне келбей да калабы? Ал келбесе башкасы карасын! Бизде Кыргызстанда адамдын омуру оюнчук эле,ойной беришет.Ар бири озунун ишин так так аткарбайбы?Ошон учун биз онукпойбуз да.
+1
RASTAMAN
2016-09-30 16:44:24
kim eken al kelbei koigudai?bul jakta 1 adamdyn tagdyry chechilip jatsa... ex al da akchaga toyup kalgan kenebegen nemego
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан