Кочкордогу №15-кесиптик лицейдин директоруна кылмыш иши козголду

Кочкор районундагы №15-кесиптик лицейдин директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-2016-жылдар аралыгында аталган лицейдин кызмат адамдары иштебеген адамга 90 949 сом жана 8 кызматкердин айлык акысына жалпы 78 286 сом негизсиз которушкан. Ошондой эле лицейдин директору ДТ-75 маркасындагы тракторду жана электрондук барсканды металлоломго сатып жиберген. Мыйзамсыз иштердин кесепетинен мамлекетке 200 235 сом зыян келтирилген.

Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Riokyrgyz
2016-09-29 13:22:49
Биздин мектептин дирокторун териштирсенер .мунуку мындай эле болуп калат.ар бир куздо мугалимдердин айлыгын озуно алат.анын ордуна бакчадагы алмаларды берет.милднттендирип.албагандары айлыксыз калат.жана башка былыктары толтура.директор болгонуна 10 жыл болду.мыйзам боюнча 5 жылда алмашышы керек экен.бул бошоткон жок.суперчилер.если что айтсанар.менде ла жанылык бар.директор боюнча каалаган суроонорго жооп ала аласынар.
+4
Uragan07
2016-09-29 13:27:09
Riokyrgyz,кайсы мектеп? Адрессти жазсан.
+4
tatynam_88
2016-09-29 13:46:29
Riokyrgyz,элдик кабарга жазып койгула.
+4
Abdurahman
2016-09-29 14:02:44
Riokyrgyz, Текебаевге жаз
+2
Riokyrgyz
2016-09-29 14:22:19
Abdurahman,чын эле.туура айтасыз.ошонун почтасына жазайынчы
+2
ruslanz
2016-09-29 15:50:53
Мындай махинациялар Кыргызстандын окуу жай-нын 90%-да бар. Болгону кээ биринде чон денгелде,кээ биринде кичине.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан