Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Хуэйцзе аймагында 16 адамдын жансыз денеси табылды, алардын үчөө жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"29-сентябрь күнү таң эрте 16 адамдын жансыз денеси табылды. Алардын үчөө жаш балдар. Окуя болгон жерде тиешелүү мекемелердин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Окуянын чоо-жайы айтыла элек", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми айрым маалыматтарда каза тапкандардын денелери алты турак жайдын короосунан табылганы айтылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкандардын баары киши колдуу болгон.