Атай Өмүрзаков ири масштабдагы долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестор таба албагандыктан долбоор токтогонун билдирди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге билдирген бийчи буларга токтолду:
"3D Шоу" долбоорун ишке ашыруу үчүн канча аракет кылбайлы, инвестор таба алган жокпуз. Ооба, жардам беребиз дегендер болуп жатты. Бир байке акча жагынан аз да болсо жардам берди, кээ бири буюмдарын берип, акчага айлантып алууга шарт түзүп жатты. Өзүбүз тапкан 150 миң доллардай акчабызды сарптадык, бирок баары бир акырына чыгара алган жокпуз. Ушул себептен долбоор боюнча жумушту токтоттук.
Чет элдик инвестор чыкты. Анын айткан шарттарына макул боло алган жокпуз, себеби ал өз өлкөсүнүн атынан чыгууну сурады. Кыргыз болуп, башка өлкөнүн атынан чыгуу биздин эрежебизге туура келбейт, андыктан анын сунушунан баш тарттык. Көп каражат, мээнет, эмгегибиз күйүп кетти. Эми калганын келечек көрсөтөт, мүмкүн, алдынкы 3-4 жылда инвестор табылып калар", - дейт бийчи.
"Бардык колдоо көрсөткөн, жардам берген, биз менен бөлүшкөн, өз пикирин билдирип турган мекендештерибизге ыраазычылык. Мындай колдоо бизге ишеним жана жаңы долбоорлорго мотивация берет. Көбүнчө биз жаңы ийгилик, жеңиштер болгондо өзүбүз тууралуу билдирип турабыз, андыктан жаңы ийгиликтерге чейин", - деп кошумчалады Атай Өмүрзаков.