МЕДИА-ПОРТАЛ: Ырчы Бегимай Бекбоева "Кантем, ай?" ырынын клиби үчүн чачын курмандыкка чалганын айтат

"Сулуулук, чыгармачылык курмандыкты талап кылат" дегендей, ырчы Бегимай Бекбоева да "Кантем, ай?" ырынын клиби үчүн имиджин өзгөртүп, чачын курмандыкка чалганын айтат.

"Бул ырды кичинекей кезимде жакшы көрүп, ырдоону кыялданчумун. Андыктан ырдын жаңы версиясын жаздырып, ага клип тарттырдым. Өзгөчөлүк киргизүү үчүн узун чачымды съёмка учурунда кыскартып, имиджимди өзгөрткөм. Тагыраагы, чачымды курмандыкка чалгам десем болот. Азыр болсо өстүрө албай убарамын. Кийин ойлонуп көрсөм, узун чачты сатып жиберсем же кайра жасатып, узартып алсам болмок экен. Мен дароо таштандыга салып жиберген элем.

Эң кызыгы, мен ыйлап жаткан кадрларды алуу учурунда Нурлан Насиптин "Мен эми кайрылбайм" ырын коюп койгонбуз, себеби образга кирүү үчүн ырды угуп жатып ыйлашым керек эле. Клип плагиат дегендерге кошулбайм, идеясы өзүмө таандык. Баштан-аяк өзүм сценарийин түзүп чыккам, болбосо жогоруда айтылган курмандыктарга барбайт элем", - деп билдирди ырчы.

Бегимай Бекбоеванын "Кантем, ай?" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
PERSONAL
2016-09-29 18:40:46
Озу артисттердин баарыле артист болот. Какойте пайдасыз нерселер учун баалуу болгон, Берметтей чачты кыркып салуу акылсыдык!!!
+8
isnur93
2016-09-29 18:45:38
Мурунку чачына караганда азыркысы жакшы жарашкан,узун чач жакшы бирок,азыркысы жаш корсотот экен.
-3
HypcylTAH
2016-09-29 18:53:33
Бир жигит учун жерге оонап ыйлаганы кандай бул?.Анан да ошентип чачын кыркып, жасангачеин берки экоо сыртта кутуп турганы окшобой калган го. Дагы да изденсе жакшы болмок.
+3
RASTAMAN
2016-09-29 19:19:29
Бекер эле убара болупсун,клипти эч Ким деле корбосо керек. Супер эптеп пиарлап бербесе))
+4
Izdeim_seni.
2016-09-29 20:22:59
Плагиат. Ото начар тартвлган
+3
ruslanz
2016-09-29 20:44:50
Чачына туура келгидей сценарий тузуп койсо болбойбу. Кызык.
+3
ilgis1991
2016-09-29 21:39:50
Достор,бышкан ашка сынчы коп дегендей ушундай клип тартыштын озу канча эмгекти,канча каражатты талап кылат.Балким жакшы соз айтып колдоп коёрбуз а кандай дейсинер.Бирар жолу.
+5
SayanRamzan
2016-09-29 22:47:08
Садага болоюн ырчы деген шубасы бар ырчылар ай!!! Сөз деле жок...
+3
karasuu
2016-09-30 03:15:29
ушул клиптеги досун коргондо желмогузду эле элестетем
0
Pantherka
2016-09-30 15:08:28
Чачы тизесине чейин беле не курмандыка чалгандай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан