Өткөн суткада өлкөдө 15 өрт кырсыгы катталып, Кызыл-Кыяда 120 чарчы метр мал сарай, 5 кой жана 8 коён күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында өрт кырсыгы катталды. Анда Пионер көчөсүндө жайгашкан турак жайлардын биринин короосундагы 120 чарчы метр мал сарай, 50 түк беде, 5 кой, 8 коён, 15 тоок күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_S
2016-09-30 15:33:59
Коен күйгөнү жаман болуптур.
Бирок коендун эти арам болот, билип алалы.
+1
kalima88
2016-09-30 15:58:33
Кадамжайда да бир тааныш кыздын сарайы куйуп кетиптир, 500 пресс чобу менен.4 жашар иниси ойноп атып от коюп алыптыр.Вотсаптан видеосун уйундогулору жоноткон экен, аябай коркунучтуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан