Бразилияда 200дөй адам абактан качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, абакта кармалгандар алгач өздөрү жаткан төшөктөрүн өрттөшкөн. Андан соң имараттан чыгып, тосмону талкалашкан. Кароолчулар ок чыгарышкан. Учурда абактан качкандар изделүүдө. Качуу мезгилинде бир адам каза болгон. Качкандардын бир канчасы жолдон кармалган.
Белгилей кетсек, абакта адам толуп кеткен деген негиз менен көтөрүлүш чыгарышкан. Аталган абакта кармалгандар 800 адамга көп болгон. Буга чейин Франциянын абактарынын биринде да көтөрүлүш чыгарышкан. Мындай окуя АКШнын абактарында да катталган.