Женнифер Лопес дүйнө жүзүндөгү таланттуу бийчилерди издөөгө киришет

Белгилүү ырчы, бийчи, актриса Женнифер Лопес америкалык NBC телеканалынын "Бий дүйнөсү" ("World of Dance") жаңы шоусунун продюсери болуп шайланып, калыстар тобунун катарына кирген. Эми ал дүйнө жүзүндөгү таланттуу бийчилерди издөөгө киришет. Жалпы 10 эпизод тартылып алынат, ал эми хип-хоп, крамп, балет жана бал бийлеринде өзүн көрсөтүп, жеңишке жеткен катышуучу 1 миллион доллар сыйлык алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Женнифер Лопес актриса катары таанылганга чейин анын негизги кесиби бий болгон. "Мен мурда келбетимдин уялып, кыйнала берчүмүн. Бул нерсе ар бир адам өзгөчө жаралганын түшүнгөнгө чейин уланды. Азыркыга чейин өзүмө болгон ишеним түшүп баштаганда бийге барам. Ошондо денем эмнеге жөндөмдүү экенин көрүп, энергия алып, маанайым көтөрүлө түшөт. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө мен дагы деле өзүмдү бийчи деп сезем", - деп билдирген Лопес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ali-han
2016-09-30 11:57:00
Атай Омурзаков миллион доллар издеп журду беле?
+3
aseras
2016-09-30 12:00:43
Ali-han,барса болот бирок озу каалабаса керек Атай
+1
Palan4a
2016-09-30 12:08:15
Супер-инфо белгилуу актер, А.Мурадилов реанимацияда жана донор керек экени экени чынбы?
0
ekaterinburg
2016-09-30 12:13:13
Кара-жоргону оло бийлейм.Барсамбы деп турам...
+1
UlukmanKalyev
2016-09-30 12:42:04
Атай Омурзаков барса женет таланттуу жигит.
+1
Namystan
2016-09-30 13:58:57
Азыркыга чейин жамбаш мучом түшүп баштаганда бийге барам. Ошондо денем эмнеге жөндөмдүү экенин көрүп, энергия алып, маанайым көтөрүлө түшөт дебейби десен!
0
alibekova94
2016-10-05 12:09:47
Молодец жакшы дагеле бийлеп турса, мен да буйруса турмушка чыгып кыздуу болсом бийге кичинекейинен уйротом. Бий деген соонун нерсе да, башкаларга билинбесе да озун сонун удовольствие аласын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан