Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 37 жаштагы Б.С. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 28-сентябрь күнү Сүйүнбаев-Баетов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жарандар күч колдонуу менен 3 миң сом акчасын тартып алышканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы А.Р. жана А.Б. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.